“Мен, Мирлан Жээнчороевдин таламын ачык талашкым келет. Эгерде, саясатчы өзүнүн оюн жакшы жагына өзгөртсө, эмне үчүн болбосун? Биз аны кубатташыбыз керек да” – деп билдирди бүгүн, 14-майда депутат Жанар Акаев парламентте “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору 1-окууда каралып жатканда.
“Айрым коллегаларыбыз чыгып алып, биздин дагы бир кесиптешибизди көрдөн алып, жерге чаап жатасыңар. Ал туура эмес. Саясатчы өзүнүн оюн жакшы жакка өзгөртүп, айрым катачылыктарын түшүнгөнү жакшы. Ким позициясын өзгөрткөн жок? Мурдагы президенттин этегине намаз окугандар, учурдагы президенттин этегине намаз окуп жатасыңар. Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна Атамбаевдин атын бериш керек, аны баатыр кылыш керек дегендер, эми азыр аны тепкилеп жатасыңар. Баарыңар позицияңарды өзгөртүп жатпайсыңарбы? Позициясын өзгөрткөн бир эле Жээнчороеа эмес да. Ошондуктан, адам пикирин өзгөртүп, мыйзам долбоору боюнча идеяны жаңыдан алып чыгып жаткан болсо, биз аны колдошубуз керек. Мурда 9%ды колдогон, эми 5%ды колдогон деп тепкилебегиле, кааласа 3% колдосун. Мындан жаман дагы пикирлерин өзгөртүп, кошоматчылыктан кошматчылыкка күн көрүп жүргөндөр толтура” – деп билдирди Жанар Акаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ