Menu

Кыргызстандын кесиптик бирикмесинин башчысы өз уюму жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланган жыйынга катышпаганы үчүн катуу сынга кабылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда, кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы экени белгилүү болду. Алардын пикиринде, учурдун талабына жооп берген жаӊы мыйзам керек, бирок депутаттар тобу тарабынан сунушталып жаткан өӊүттөгүдөй мыйзам эмес, кесиптик бирликтердин ишин калыс карап, толук камтый турган бирдиктүү ченемдик укук актысы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми депутаттар кесиптик бирликтерде, айрыкча анын борбордук бирикмесинде башаламандык өкүм сүрүп, жетекчилери өз билгенин жасап калгандыктан, анын көп мүлкү мыйзамсыз сатылып кеткенин, азыр дагы четинен сатылып жатканын белгилешти. Кесиптик бирликтерде чогулган акчаны уурдоо жана каалагандай чачуу фактылары кеӊири орун алганы тууралуу да айтылды. Ошондой эле, Кыргызстандын кесиптик бирикмесинин башчысы өз уюму жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган жыйынга катышпаганы үчүн катуу сынга кабылды.

Депутат Улукбек Ормонов кесиптик бирликтердин карамагындагы жерлер менен мүлктөр жеӊ ичинен сатылып жатканын билдирди. “Кесиптик бирликтин мүлкү анын азыркы жетекчилеринин жеке менчиги эмес, ал жалпы элдин каражатынан куралган. Менимче, мыйзамды дагы катуулатуу керек. Мүлк толугу менен мамлекеттин карамагына алынып, анан ал кесиптик бирликтердин убактылуу башкаруусуна берилүүгө тийиш. Ошондо тартип орнойт”, – деди ал.

Белгилей кетсек, “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо жүрүмүнө өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кесиптик бирлик федерациясынын өкүлдөрү катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: