Menu

Келдибек Ниязов, КРнын Эл артисти: “Күнөө сенде эмес, күнөө менде эмес. Анан кимде?”

Бөлүшүү:

Сүйлөсөк эле жети дубан элбиз деп жер дүңгүрөтүп сүйлөйбүз. Ушул тиреш башталганы ошол жети дубан элден Бакай, Кошойдой болгон 7 аксакал чыкпай койгонуна жеке менин ичим ачышып отурат. Эгерде 7 аксакал чыгып аларга ыр-бийин токтото турушуп 7 ак элечек энелер кошулуп түз эле Сооронбай Шариповичке келгенде, ал киши сөзсүз кабыл алмак. Андан чыгышып Кой-Ташка барышса, Атамбаев дагы кабыл алмак. Анан экөөнү илгерки ата-бабадан келе жаткан элдик сүйлөшүү менен ынтымакка чакырып коюшканда мынчалыкка кетмек эмеспиз. Эми жоо кеткенден кийин кылычыбызды бокко дагы, ташка дагы чаап ой-тоону дөөдүрөп акыл айтып отурабыз. Күйөсүң да, кээ бир көзү ачык олуя чалыштар сүйлөп жатышпайбы, биз сезгенбиз, туйганбыз ушундай болоорун дешип. Эгерде сен кыргыз элинин аманчылыгына, ынтымагына күйгөн болсоң, эмнеге ошондо кыйкырып чыкпадың? Ушундай болсо экен, кырылышса экен, тезирээк болсо экен деп кудайдан тиленип отурдуң да. Ылайым тилегиң таш каап, ошондой ой-тилегиң өз башыңа тийсе экен деп жалпы кыргыз эли тилейт сага. Быйыл арабызда болгондо Турдакун Усубалиев 100 жашка толмок экен. Азыр ушул ишке байланыштуу ал кишинин басып өткөн жолуна карап абдан сонун, ошондой эле үлгү алаарлык эскерүүлөр болуп жатат. Өгүнү академик Жамин Акималиев агабыз абдан өзгөчө ушул азыркы акыбалга тийиштүү эскерүүсүн айтты. Жамин байке айтат: «Турдакун Усубалиевич менен Апсамат Масалиевич экөөнүн ич ара чоң эле бири-бирине таарынычтары болду. Бирок алардын ата-бабадан калган айкөлдүктөрүн, акылмандыктарын ушундан баамдагыла, сыртка элге, жолдошторуна эч бирин чыгарышкан жок. Сессияга келгенде каткырышып, жадырап жайнашып, учурашып турушса, биз күтчүбүз булар качан жарылышат деп. Бирок эки улуу инсан эч качан андай ыпылас ишке барышпай, бизге ынтымактын үлгүсүн көрсөтүп, арабыздан ошондой сый-урмат менен кете беришти». Мына окурманым, ушундай сапат азыр бизге жетишпей турбайбы.

Көчмөндөр оюнунун экинчисине жакын инимдин чет жакта окуган уулу өзү менен окуган 4 студентти ала келиптир. Булар интернеттен көрүп, өзүбүз барып сенин мекениңди, Ала-Тооңду, Ысык-Көлүңдү, анан «Көчмөндөр оюндарын» өз көзүбүз менен көрөбүз деп келишти деди. Кетээринде чогуу болуп, тигилерден кандай ойдо калдыңар десем, силердин элиңердин ынтымагына, меймандостугуна сөз жок, силердей эл дүйнө жүзүндө жок болуш керек дегенде көзүмө жаш алдым эле. Эмкиде ата-энебизди, досторубузду Кыргызстанга гана алып келебиз деп кетишти эле. Биздикилер дүйнө жүзүнө шылдың болуп, баары эле бизди кеп кылып жатышат дешсе, баягы 18-19 жаштагы чет элдик балдарды эстеп өзүм эле уят болуп отурам. Эми эмне дейин, кыргыз элим, болоору болду, намыстаналы, ынтымакка келели, бири-бирибизге кек сактабайлы. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дейт элибизде. Мыйзамыбызды сыйлап ошонун чегинен чыкпай иш кылалы. Азыр дагы кеч эмес…

Келдибек Нниязов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, куудул

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: