Menu

Эрнис Кыязов, “5-канал” телевидениесинин жетекчиси: “Биз жумушсуз калбайбыз, чиновниктердей болуп, валидол ичип, нерв болуп, жүрөк кармап жатып албайбыз”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коюу жөнүндө демилгесин көтөрүп чыгып, мындай сунушту премьер-министрге жазуу түрүндө жибере турганын айтып чыккан. Депутаттын мындай демилгесине “5-канал” телевидениесинин жетекчиси Эрнис Кыязов “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасы аркылуу жооп берди.

5-канал” эми эмне болот?”,-деп жумушумда да, жумуштан тышкары да сурашат менден. Эмне болмок эле? 2010-жылы парламентте бу каналды “парламенттик болсун” деп чечишкен. Парламенттик делген аты эле болбосо, парламент бу каналдын өнүгүшүнө каржылай да, чыгармачыл да көңүл бөлүүгө убактысы болбой, анан каналдын 80 млн.сомго жакын карызын көрүп, “..муну парламенттин чөнтөгүнөн төлөп берсек, эл бизди сойбойбу..” дешип, өкмөткө “өзүң чеч” деген маселе койду. Өкмөт каналдын контентин, рекламалык кирешесин көбөйт,- деп Мүлк фондуна кулак какты. Мүлк фонду болсо 50гө жакын санарип ТВлардын ичинен “5-каналга” рекламаны күргүштөтүп түшүрүү камылгасын ойлоп, “25 кадр” деген уюм менен биргеликте болгон аракетин жасап келе жатат. Чыгармачылык жагын биз “жуурканга жараша бутту сунуп” кадрдык, техникалык дараметке жараша контент сунуп келатабыз. “Кыйратып салдык” деп айтпайм, колдон эчтеке келбей шалдырап олтуруп калдык деп шөлбүрөгөн да жокпуз. Өкмөт менен парламент “…мындай жалпак камаздын өлкөгө кереги жок, бизге РТР, Первый канал деген эле жалпак жөжөлөр керек..” дейби, айтор, Бешинчи каналды жабуу же сатуу, же өкмөткө калтыруу жагын өздөрү билишет. Ташбаканы кандай учуруп, кандай кондуруу ошолордун колунда.

А чыгармачыл топтогу чыгармачыл адамдарга эмне,.. “сентябрыбыздын” күнү бүтсө, “жалбыракка” айланып, КООРТту жапса, 5-каналга айланып, 5-каналды токтотсо “апрель…май….июньга” айланып жүрө берет экенбиз да. Кабинеттердеги орундуктарды, креслолорду гана бошотуп бергенибиз болбосо, оозубуздагы сөзүбүз, ичибиздеги өнөр-шык, талантыбыз өзүбүз менен кала берет экен! “Коку-ууй, жумушумду алып койду..”,-деп валидол ичип, бир ай үйүнөн чыкпай нерв болуп, жүрөгүн кармап жатып алчу чиновниктер эмес экен да журналист калкы..”,-деген пост калтырган.

Эскерте кетсек, «5- канал» 2005-жылы экс-президент Аскар Акаевдин убагынан бери эле колдон колго өтүп, багы ачылбай келет. Ал учурда Акаевдин эрке кызы Бермет Акаеванын күйөөсү Адил Тойгонбаев аталган каналды башкарган, бирок, ал танып келет. Мына, жакында эле ал казакстандык журналистке интервью берип, бул боюнча сураса, “жеке тарап катары да, юридикалык тарап катары да бул структураларда өкүл болгон эмесмин”,-деп танып койгон. Акаев бийликтен кеткенден кийин, Бакиев бийлиги келгенде, КООРТ каналына айланып, аны Оксана Малеваная (бул айым 2009-жылы Апрель окуясына айыпталып, он жылга сырттынан эркинен ажыратылган- авт.) башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатта «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Дал ушул мыйзам жөнүндө жогоруда, жалпак тил менен Эрнис Кыязов жакшы түшүндүрүп өттү…

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: