Menu

“Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаков 5 миң доллар талап кылганбы?

Бөлүшүү:

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго карата мурда токтотулган иш кайра тергелмей болду. Бул тууралуу 2-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме маалымдагандай, 30-сентябрда Ош шаарынын тургуну кайрадан арыз менен кайрылып, «Исаков ири суммада акча талап кылганы боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүп, күбө катары эки адамды ээрчитип келген».

«Анын арызы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал Исаков «мага 5000 доллар бербесең Интернетке чыгарам, болбосо «Лексус» машинеңди бересиң» деп опузалаганын билдирди» деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.

Милиция билдиргендей, ушундай эле мазмундагы арыз быйыл 4-апрелде катталган, бирок далил жоктугунан кыскартылган.

Ыдырыс Исаков өзү бул арызды жалаа деп эсептейт. Ал 1-октябрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына арыздануучу тууралуу: «Ал бала милициянын полковниги экенин унутуп, каралардын ана башы Кадыр (Женго) Досоновко өкүл бала болуп алган ишкер Жалил Атамбаевдин колунда иштейт. Шефи «Арыз жаз. Кайдан болсо да бирдемени ойлоп тап!» деп артында карап турса кантип баш тартат? Ошондуктан «Ыдырыс акча сурады» деп маалымат берип аткан баланы сөкпөңүздөр. Тилдеп жаман көрбөңүздөр. Жөн гана түшүнүп коюңуздар» деп жазды.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: