Menu

Алмазбек Атамбаев канча жылга кесилиши мүмкүн?

Бөлүшүү:

Камакка алынган Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев оор жана өтө оор кылмыш жасаганы боюнча 14 билдирме алып олтурат. Азыр ал УКМКнын Тергөө камагында.

Кээ бир кылмыш иштер боюнча тергөө иштери соңуна чыкты, жакынкы күндөрү сотко өткөрүлүп берилет. Ошондо Алмазбек Атамбаев канча мөөнөткө соттолуп кетиши мүмкүн?

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу кылмыш иши

Бул иштен 19 киши өтүүдө, ал 2019-жылы январда кайра тергеле баштаган. Айып коюлгандар – үлкөн аткаминерлер, депутаттар, врачтар, сот жана лаборант. Арасында мурдагы президент А.Атамбаев да бар. Тергөөнүн версиясында кримтөбөлдү оорукчан деп таап, эркиндикке кое берүүнү тийиштүү структураларга өлкө башчысы буйрук берген.

Тергөө соңуна чыкты. А.Атамбаевге КРнын Кылмыш кодексинин 43- беренеси (чогуу катышуу) жана 319-беренеси (коррупция) боюнча расмий айып тагылган азырынча жалгыз кылмыш иши.

“Коррупция” беренеси боюнча 10жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.

Бишкектин ЖЭБин мыйзамсыз таш көмүр сатып алуу тууралуу кылмыш иши

Бишкек ЖЭБи боюнча А.Атамбаев эки кылмыш иши боюнча өтүүдө. Бири – дал ушул мыйзамсыз көмүр сатып алуу.

Тергөө буга мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын көрсөтмөсүн негиз кылып алган. Аида айымдын айтымында А.Атамбаев “Прогресс компани” жана “Рассвет компани” фирмаларынын кызыкчылыгын камсыз кылып берген.

Бул иште А.Атамбаев 43 (чогуу катышуу) жана 319 (коррупция) беренелери боюнча айыпталып жатканы тууралуу билдирме алган.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тууралуу кылмыш иши

Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодо подрядчикти А.Атамбаев жеке өзү тандаганы боюнча шектелүүдө. Бул ишти Кытайдын ТВЕА компаниясы жүзөгө ашырган. Ал үчүн 386 млн АКШ долларын түзгөн кредит алынган. Аны төлөй да баштадык.

Айып коюу актысы А.Атамбаевдин колуна карматыла элек. Бул иште да А.Атамбаев 43 (чогуу катышуу) жана 319 (коррупция) беренелери боюнча айыпталып жатат.

Кой-Таш айылында жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылуу тууралуу кылмыш иши

Сатуу-сатып алуу келишими 2015-жылы жүргөн. А.Атамбаев жер тилкесин Албек Ибраимовдун жубайынан сатып алган. Жер тилке сатылган учурда Албек Ибраимов Бишкектин мэри эле.

Айып коюу актысы А.Атамбаевдин колуна карматыла элек. Бул иште да А.Атамбаев 43 (чогуу катышуу) жана 319 (коррупция) беренелери боюнча айыпталып жатат.

Мыйзамсыз байлыкка ээ болуу тууралуу кылмыш иши. Терек-Сай кен-байлыгын иштетүүгө лицензия берүү

Бул иш боюнча А.Атамбаев менен биргеликте Геология жана миниралдык ресурстар мамагентчилигинин мурдагы директору Дүйшөнбек Зилалиев жана ошол эле тармактын статс-катчысы Шерикул Султанов өтүүдө.

Бул иште да А.Атамбаев 43 (чогуу катышуу) жана 319 (коррупция) беренелери боюнча айыпталып жатат.

“Форум” ЖЧКсын сатуудагы мыйзам бузуу келишими тууралуу кылмыш иши

2017-жылы А.Атамбаев “Форум” ЖЧКсын сатып, Субихи Пархати деген жарандан 54 миллион сом алган. Мурдагы президенттин каржы эсебин көрсөтүүдө 2017-жылы бул акчалар жазылып турат. Бирок кол алышып жатканда, сатып алуучунун төлөй турган жөндөмү жана акчанын кайдан келип чыкканы текшерилген эмес.

Субихи Пархати “Хуасинь инвестициялык компаниясы” ЖЧКсынын жана “Азия профессионал” ЖЧКсынын ээси. “Каржы министрлигинин ачык бүтжети” порталынын маалыматына ылайык, компаниялар экономикалык жактан активдүү эмес, эч кандай киреше салыгын төлөгөн эмес.

Айып коюу актысы А.Атамбаевдин колуна берилген. Бул иште А.Атамбаев 215 (кылмыштуу кирешелерди адалдатуу) беренеси боюнча айыпталып жатат.

“Кылмыштуу кирешелерди адалдатуу” беренеси боюнча эң аз дегенде – 2,5 жыл, көп дегенде – 15 жыл берилет.

Кой-Таштагы башаламандыкты уюштуруу тууралуу кылмыш иши

Кой-Таш айылынан А.Атамбаевди колго түшүрүү учурунун биринчи күнү 45 киши жабыркаган. УКМКнын “Алфа” бөлүмүнүн алты жоокери барымтага алынган, бөлүм командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Чүй облустук ШИИБсинин башчысы Самат Курманкулов оор жаракат алган. А.Атамбаев камакка алынгандан кийин да укук сакчылар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда тирешүүлөр жүргөн.

Кой-Таштагы окуя боюнча Кылмыш кодексинин 264 (массалык башаламандык) 266 (хулигандык) 355 (бийлик өкүлүнө карата коркунуч же зомбулук көрсөтүү), 244 (кишилерди барымтага алуу) 130 (киши өлтүрүү) жана 39-130  (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон.

  • Массалык башаламандык үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин;
  • Киши өлтүрүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн 10 жылдан 15 жылга чейин;
  • Кишилерди барымтага алуу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин;
  • Бийлик өкүлүнө карата коркунуч же зомбулук көрсөтүү – 2 жылдан (тарапташтары барымтадагыларды кое бергендигин эске алганда) 10 жылга чейин айып пул төлөө менен бирге;
  • Хулигандык 2 жылдан 7 жылга чейин каралган.

Эгерде жогоруда келтирилген мөөнөттөрдү эске алсак, жети кылмыш иши боюнча мамлекеттин мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаев түрмөдө 71 жылдан 129 жылга чейин олтурушу керек болот. Демек, өмүр бою.

Бирок Кыргызстандын Кылмыш кодексинде: кылмышкердин бардык кылмыштарын кошкондо, 20 жылдан ашык берүүгө болбойт деп жазылып турат.

Ал эми Атамбаевге өмүр бою жаза өткөрүүнү коюша элек.

 24.kg сайтынан кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: