Кечээ, 29-январь күнү Казакстандын футзал боюнча чемпионатында Кыргызстандын жаштар курама командасы «Актөбө» командасын 5:0 эсебинде командасын утуп алды. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан билдиришти.
Бул мелдеште 2001-2002-жылы туулган футболчуларга кароо өткөрүү жана техника-тактикалык учурларды өздөштүрүү негизги максаттардын бири болуп саналат.
Эсиңиздерге сала кетсек, 28-январдан тарта Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы (U-19) Андрей Пестряковдун машыктыруучулук алдында Казакстандын чемпиондугуна катышуу үчүн Алматы шаарына учуп кетишкен.
Турнир «Кайрат» спорт комплексинде өтүп, 1-февралга чейин созулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ