Menu

Казакбаевдин тоюнда Текебаев, Бабанов, Кадыр Атамбаевдин кайра-кайра сүрөткө түшүшү коомчулукка, бийликке кыр көрсөткөн “Кор болуп ыза көргөндөрдүн” комплекси

Бөлүшүү:

Азыр депутат Руслан Казакбаевдин баласынын үйлөнүү тоюнда Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаевдин, аларга кошо Раиса Атамбаева менен баласы Кадырдын бирге отуруп, эмнегедир чечекейлери чеч боло кайра-кайра сүрөткө түшүп жаткандары социалдык түйүндөрдө ар кандай пикирлерди, ойлорду жаратууда.

Чындыгын айтсак, алар бири-бирин көргүлөрү деле келбейт. Өмүрбек Бабанов аты уйкашы өзүн премьер-министрликтен шерменде кылып куудурганын, Атамбаев Москвага айдаганын тез эле унутуп, аларга дили айрандай агарып калды дейсиңерби? Же Өмүрбек Текебаев соттук иштери бүтө электе Атамбаевдин аны үч жыл түрмөгө отургузганын эсинен чыгарып койдубу? Албетте, жок. Текебаевди өзүнө залакасын тийгизгендердин ыдыгын унутат деш – “карга тез эле агарып кетет” дегендей эле сөз. Анын аябагандай кекчил экендигин элдин баары билет. Колунан келсе, ал АШАны Жээнбековдон мурда каматмак, аны түрмөдө жазган китептеринде АШАга карата Джомолунганын түбөлүк муздарынын ызгаары уруп турат, аны жакын арада эритүү эң эле кыйын. Ө.Бабанов деле кең пейилдиги жагынан айырмаланбайт.

Өмүрбек Текебаев 2016-жылы январда “Манас” аэропортуна жакын жерде кыйраган “Боингдеги” кымбат баалуу жүктөрдүн баары Атамбаевдердин үй-бүлөсүнө таандык экен деп чыкканда Раиса Атамбаева бир нече күн асма үкөл алып жатканы да белгилүү.

Менимче, аларды убактылуу бириктирген, азыркы бийликке карата ич күптүлүк, же “Кор болуп ыза көргөндөрдүн” комплекси. Аны белгилүү деңгээлде азыркы бийликке карата эрегиш, чакырык катарында караса да болот. Алар ошонусу менен “мына, бизди көрдүңөрбү, чындап бириксек кантесиңер?”- дегилери келди окшойт.

Кантмек эле, азыркы бийликке же башкаларга ал азырынча чымын чакканчалык деле сезилбейт.

Бирок, алар андай селфилери менен өздөрүнүн саясый, моралдык жактан туруксуздуктарын, өлкөдөгү коррупциядан тазалануу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге таптакыр кайдыгер экендиктерин, тагыраак айтканда, маани да беришпей тургандыгын гана көрсөтүштү. Болбосо атасы, күйөөсү ири коррупциялык кылмыштар, адам өлтүргөндүгү, жарадар кылгандыгы, мыйзамдуулукту тоотпогондугу үчүн айыпталып жаткандын үй-бүлө мүчөлөрү менен арсалакташып отуруу, анысы аз келгенсип аларды интернетке чыгаруу – мыйзамдуулукту, коомчулукту сыйлабагандык”.

    

Адыралы Бетпергенов

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: