Menu

«Тажикстан сулуусу»  Сабрина Зухурова сынакта ачык кийим кийип чыгуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Бул тууралуу «Азия плюс» басылмасы жазып чыкты. Алардын айтымында, Кытайда өтүп жаткан «Miss Tourism World» сулуулар сынагында “Тажикстан сулуусу” Сабрина Зухурова ачык кийим кийип чыгуудан баш тарткан.

Зухурованын билдиргенине караганда, ал сулуулар сынагынын бир нече талабынан ийгиликтүү өтүп, эң мыкты делген 5 тизмесине кирген. Бирок, ал бикини менен бийлөөдөн баш тарткандыктан ага калыстар тобу аз балл коюп койгон. Ал ачык кийим менен бийлей турганын билбей, улуттук бий даярдап барганын, таажы эмес, намыс кымбат экенин баса белгилеген.

Эскерте кетсек,  «Miss Tourism World» сулуулар сынагы Кытайда 20-августта башталган, Ага дүйнөнүн төрт бурчунан (90 өлкөдөн) барган сулуулар катышууда. Финал эртең, 10-октябрда болот.

Ал эми С.Зухурова сулуу жөнүндө учкай айта кетсек, ал беш күндөн кийин туулган күнүн белгилейт. 1995-жылы 13-октябрда төрөлгөн сулуу буга чейин сулуулар конкурсуна катышкан. Ташкенттеги «Miss Union» сынагында 1-орунду алса, башка сулуулар сынактарында ар кандай наамдарды алып келген. Ал эми Кытайда өтүп жаткан сынакка, өзүнүн айтуусунда, ага кокустан эле катышып калган. Социалдык тармактан аны уюштуруучулар көрүп калып, сынакка катышууга чакырышкан, ал макулдугун берип, Тажикстан мамлекетинин атынан катышкан. Тилекке каршы, ачык кийим кийип чыгуу талабынан баш тартып, сынактын аягына чыкпай калды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: