Бишкектин Октябрь райондук сотунда Президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун соту болууда. Ага 30дан ашык тарапташтары келди.
Атамбаевдин ишенимдүү адамы, шоопуру Илмиянов шылуундук менен айыпталууда. Жапа чеккен тарап Белорустун жараны Николай Викторович Грамович. Бул иш менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Руслан Шакиров да өтүүдө, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Анын ден соолугуна байланыштуу иши өзүнчө каралмай болгон.
Тергөө аныктагандай, «Дизель Комплект» белорустук компаниянын жетекчилиги бул фирмага карата козголгон кылмыш ишти оң жагынан чечип, аресттеги жүк ташыган машиналарды чыгарып, өлкөдөн чыгып кетүүгө шарт түзүп берүүсү үчүн Илмиянов 150 миң доллар алган.
Юстиция мнистрлигинин маалыматына ылайык, «Дизель Комплект» ЖЧКсынын ээси – Грант Рафаэлович Оганянц, жетекчиси – Николай Викторович Грамович. Ишмердүүлүгү – адисдештирилбеген товарларды дүңүнөн сатуу. Алар 2016-жылдын 29-апрелинде кайра каттоодон өтүшкөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ