Эртең менеки саат 03:49да Казакстандын аймагында эпицентри 5,5 баллды түзгөн жер титирөө болду. Жер титирөө очогу Ичке-Суу айылынын түндүгүнөн 28 км, Талды-Суу айылынын түндүн-батышынан 30 км, Каракол шаарынын түндүк-чыгышынан 62 км түзгөн.
Кыргызстандагы айылдарда дагы жер силкинди: Ак-Булак, Шаты, Талды0Суу, Ичке-Суу, Корумду, Коечу, Балбай айылдарында – 3,5 балл, Түп, Кутургу, Кичи-Өрүктү, Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Тогуз-Булак, Бирлик, Сары-Дөбө, Долон, Арал, Тасма, Чоң-Таш, Байзак, Токтоян, Кең-Суу, Ак-Чий, Советское, Көк-Жайык, Каркыра айылдарында – 3 балл болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ