Menu

Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы Анаркүл Беккулиева өз чындыгын айтты…

Бөлүшүү:

Буга чейин айыл чарба министри Эркинбек Чодуев тууралуу сын материалдар жарыяланып, бир нече ирет собол салынган эле. Тилекке каршы, жооп болгон жок. Ал макаланын ичинде министрликтин бөлүм башчылык кызматын аркалаган Анаркүл Беккулуеванын да аты аталган эле. Анаркүл айым редакцияга келип, жалган жалаага кабылганын айтып зыркырап, өз чындыгын айтып берди. Кытайга жөнөтүлгөн каттан баштап, Россия жарандыгы, «Береке» пансионаты жөнүндө кеп учугун козгоду. Өзү менен кошо «Береке» кооперативинин төрагасы жана аткаруучу директорун ээрчите келиптир, ММКнын мыйзамына ылайык экинчи тараптын пикирин угуп, аны гезит бетине жарыялоону эп көрдүк.

Анаркүл Беккулуева, Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы: “Министрликтеги көрөалбастар мага жалган жалаа жаап жатышат”

Биринчиден: —Айыл чарба министрлигинде 22 жылдан бери иштеп жүрөм, өз ишин так билген адистердин биримин. Көптөгөн программалардын кабыл алынышына катышкам, ар кандай мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштегем. Өзүмдүн таза эмгегим менен бөлүм башчылыгына чейин жеттим. Конкурс менен бекигем. Эмгек жолумда бир да эскертүү алып көргөн эмесмин. Анан «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, министрликтин ичинде ичитар, көралбас пенделер бар. Ошондой адамдардын кесепетинен кайдагы бир кат чыгып, жалган жалаага кабылып отурам. Министрдин орун басарынын рангында деген кат боюнча менин эч кандай маалыматым жок. Менин билгеним, биздин министрлик Кытайдын жана дагы бир ортомчу компания менен бирге ШКУнун алкагында меморандумга кол койгон. Ага ылайык, соода логистикалык борборун Кыргызстанга куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөк. Жарманкеде ошол сүйлөшүүлөр болуп калышы мүмкүн, барып келсеңиз болот деген сунуштар түшкөн. Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы катары кат жөнөтүлгөн. Көп өтпөй жарманкеге министрдин орун басары гана катыша алат деген маалымат келген. Андай болсо, мен баралбайм деп эмгек өргүү алып, үй-бүлөм менен Турциядагы сиңдиме кеткем. Кийинки кат кайдан чыкканын билбейм. Мен Турцияда жүргөндө министрдин ойношу деген ушактар тарап кетиптир. Ал катка менин эч кандай тиешем жок. Бирөө жасаган катка мен эмне үчүн жооп беришим керек?

Экинчиден: —Эркинбек Ураимович министрдин орун басары болуп бекигенден баштап иштештим. Мен жетектеген бөлүмдү түздөн-түз көзөмөлдөп келген. Бул киши менен иш боюнча гана мамилем болбосо, башка байланышым жок. Үй-бүлөсүн дагы билбейм, өзү менен да кол алышып учурашып көргөн эмесмин. Өзүмдүн ишимди аткарам, башка мамиле жок. Ушакты көралбастар чыгарды. Жалган жалаа жабышты. Менин үч балам бар, жаркыраган күйөөм бар, жашым 55ке келди, кайдан жүрүп көңүлдөш болом?! Ушакты да ишенгидей кылып айтышпайбы! Эгер үй-бүлөм жок жаш кыз болсом, же ажырашкан келин болсом бир жөн! Менин түшүмө да кирбеген нерсе. Эркинбек Ураимовичтин да үй-бүлөсү бар.

Үчүнчүдөн: — «Береке» пансионаты боюнча да курулай жалаа жабылыптыр. Ал элдики, 30дан ашык жеке менчиктин ээлери бар, аны мен менчиктештирип ала албайм. 2000-жылдары министрликтин эмгек жамаатынын жана пансионатта иштегендердин стажысына жараша бөлүнүп берилген. Менин 100 миң сомго сатып алган жерим бар, башка эч нерсем жок. Азыр кооперативдин шайланган төрагасы жана директору бар, менин тиешем жок. Ал жакты Усубалиев деген алдамчы былгытып жатат. Кооперативдин мүчөлөрү кетиргенде, «мөөрүн жоготтум» деп бербей койгон. 3-4 жылдан кийин жамааты чогулуп, мени жетекчи кылып шайлашкан. Үч жыл мөөрү жок иштедик. Анан соцфонд, салык ж.б. отчет бериш керек болду. Ошондо комиссия түзүлүп, баарын иликтеп, анан жалпы чогулушта жаңы мөөр жасоо чечими кабыл алынган. Мыйзамга ылайык мурдагы мөөр жараксыз деп табылышы тууралуу газетага чыгарылып, тийиштүү органдарга билдирме жөнөтүлүп, баардык процедуралар аткарылгандан кийин жаңы мөөр жасалган. Жаңы мөөр жасалып, үч жыл иш жүргүзүлгөндөн кийин Усубалиев мурдагы мөөрдү алып чыгып, органдарга кайрылыптыр. Алар жалгыз менин өзүмө эмес, «жасалма документ» деген негизде бир топ кишиге иш козгоп, бир нече жыл текшерип, акырында жоголду делген мөөрдү жараксыз деп табышкан. Кылмыш ишин кыскартып, жаңы мөөргө уруксат беришкен.

Төртүнчүдөн: —Дагы бир жалган жалаа Россиянын жараны деген жерде жабылыптыр. Мен өмүр бою Кыргызстанда жашагам. Өз өлкөмдө жашап жүрсөм, анан кантип Россиянын атуулу болом? Ачык айтып коеюн, бул ушакты Орозкожоева деген бекерпоз тараткан. Убагында жазып, текшерткен, жалган экени аныкталган. Көрсө, мен Россияда байкем үй алганда барып келсем, «энелик капитал» алды деп сөз таратыптыр. Үч балам тең ушул жерде төрөлдү, анан орустар эле мага бере коймок беле? Кийинки жылы Турцияга эмгек өргүү алып кетсем, качып кетти деген имиш таратты. Бул түзмө-түз мени көралбагандардын чыгарганы.

Бешинчиден: — Усубалиев арамзалыгын токтоткон жок, бүгүнкү күнгө чейин документти бербей келе жатат. Анын бербеген себеби, ал мыйзамсыз жер алып, эки кабат катеж салган. Ошону мыйзамдаштыра албай жанталашып жатат. Андан сырткары, депутат Э.Сурабалдиева кайра-кайра ушул маселени көтөргөнгө аракеттенүүдө. Анын себебин да айтып кетейин, Сурабалидиеванын Жамакеева Назгүл деген жакын курбусу биздин айыл чарба министрлигинин астында долбоордо иштейт. Ишин билбейт, бирок 45 миң айлык алат. Анализ кылсаң, балдарга жардам берсең болбойбу, сендей иштегендер 10 миң алат дегем, ал Сурабалдиевага барып «Беккулуева мени иштетпей жатат» деп даттаныптыр. Анан ал парламенттен чыгып, кысым көрсөткөнгө аракеттенүүдө. Баса, министрликте экспорт кылынган тооктун этине квота бар. Ошол тармакта Сурабалдиеванын өзүнүн жеке фирмалары бар экен. Аны өткөрүш үчүн, өзүнүн кызыкчылыгын коргош үчүн министрди сындап жатат.

Сүйүмкан Абакирова, «Береке» кооперативинин аткаруучу директору:

—«Береке» кооперативи боюнча айтсам, Усубалиев Сүйөркул деген үч жыл жетекчи болуп, отчет бербей койгондо төрагалыктан кетиришкен экен. Андагы баардык протоколдор бар. Кетиргенде ал документтерди бербей, «бүт жоготком, мөөр да жок» деп бербей койгон. 2012-жылы кооперативдин жамааты жыйын куруп, жаңы мөөр жасаталык деген чечим кабыл алыптыр. Газеталарга берип, бүт процедурала-ын жасап бүтүп, 1,5 жылдан кийин жаңы мөөр жасатышкан. Ошону менен иштеп башташат. 2016-жылы мени директор кылып шайлашкан. Мурдагы Т.Табалидиева деген директору мага өткөрүп берген. (Сезон маалында мөөр директорлордо болот, отчет бергенге чейин). Ал учурда кооперативде Беккулуева төрага эле. Көрсө, Усубалиев мөөрдү жоготпой эле катып жүрүп, 2015-жылы жалган протокол менен Адилет министрлигине каттатып алыптыр. Анан мышыктай болуп тымызын иш жүргүзүп, жетекчимин деп ар кимге жер сатыптыр. Андан сырткары, Беккулуева жасалма мөөр жасатты деп милицияга арыз жазып, бир топ кишиге иш козготкон. Усубалиев Биринчи Май райондук ШИИБинин Абдраев деген тергөөчүсүнүн кекиртегин майлап койгон окшойт, ал үч жыл сүйрөп жүрдү. Анан акырынла прокуратурага кайрылдык, алар Октябрь ШИИБине өткөрүп, алар иликтеп, кылмыш жоктугуна байланыштуу ишти кыскарткан. Ошондо Адилет министрлигине каттап, Сариева Роза Керимовнаны төрайым кылып шайлаганбыз. Мыйзамдуу төрайым шайлангандан кийин да, Усубалиевге документтерди бербей, алдамчылык менен качып жүрөт. Жанындагы Орозкожоева, Калчакеев, Кадыркулов деген 5 киши менен мыйзамсыз иштерди жасап жатат. Аларга кооперативдеги 35 киши каршы. Негизи, 2012-жылдан бери Усубалиевди укук коргоо органдарына бериш керек деген чечимдер кабыл алынган. Бирок, адамкерчилик менен карап, айкөлдүк кылып келдик. Бирок, ага түшүнбөйт экен да.

—«Берекени» оңдойлук десек, акча төлөбөйт. Орозкожоева менен Калчакеев мамлекеттик кызматкер, бирок бизнес кылып акча табып келишкен. Жакын арада бири сиңдисине, бири аялына которгон. Мейли, табышсын, ага каршылык жок, бирок «Берекени» оңдогонго жардам берсин да. Мурун булар электр энергиясын уурдачы, ошону айтам деп Кадыров бизди эки жыл сотко сүйрөдү. Усубалиев болсо пирс салам деп, навестин баарын талкалап сатып жиберди. Кооперативдин мүлкүн жыйынга салбай туруп, жалган келишимдерди түзүп 2 млн 800 миң сомду пансионаттын мойнуна илгени жүрөт. Жакында Ысык-Көл ОИИБине кайрылып, Усубалиевге чара көрүүнү өтүнгөнбүз. Бул адам Казарман, Тогуз-Тородо «Таза суу» долбоорунда иштеп жүргөндө, миллиондогон акчаларды жегени боюнча сөздөр бар. Эми ошолорго чейин чукулат, мыйзамсыз салган үйүн, саткан жерлерин айта турган учур келди.

Роза Сариева, «Береке» кооперативинин башкаруу кеңешинин төрагасы:

—Беккулуеваны жалган жалаа менен жаман дап жатышат. Анаркүлдүн кооперативге жасаган эмгеги өтө чоң. Муну биз бардыгыбыз жакшы билебиз. Усубалиев мөөрдү жоготуптур дегенде, жалпы жамаат чогулуп чечип, ИИМге кат жөнөтүп, гезитке чыгарып, анан мыйзамдуу түрдө мөөр жасаткан. Каттоодон өткөндөн кийин 2016-жылы жалпы жыйында мени жетекчи кылып шайлашкан. Ошондон көп өтпөй, Айыл чарба министрлигине чакырып, «акча төлөп берели, чекке мөөр басып бериңиз» дегенинен баргам. Көрсө, алдап чакырыптыр. Усубалиев эки эңгезердей чоң милицияны киргизип, алар мага тапанчасын такап, ИИМге салып кетти. Ошол жерден мөөрдү тартып алышты. Анан тергөөнү башташты, Абдраев деген тергөөчү кимди гана чакырган жок. Мөөр жасаткан жерге чейин барып текшерип, эч кылмыш таба алган эмес. Акырында токтотуп, Октябрь ШИИБи ишти кыскарткан. Акционерлердин көпчүлүгүн добушу менен шайланган күндөн баштап мурунку уставды жана эски мөөрдү бер деп Усубалиевге кайрылгам, жооп жок, качып жүрөт. 2009-жылдан 2019-жылга чейин Усубалиев бир да жыйын өткөргөн жок. Биз 27-сентябрда дагы жыйын өткөрдүк. Отчет бердик. Усубалиев келбей койду. Келбесе койсун десек, жөн жатпай Беккулуеваны жаманатты кылып жатат. Бизди тынч койгон жок. 27-сентябрдагы жыйында жамааттын көпчүлүгүн үн чечими менен Усубалиевди кооперативден чыгардык. Бизди далай жыл сотко сүйрөдү. Кудай бар, бул бирди көрөт.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: