Menu

Жогорку Кеңештеги синхрондук котормонун чыйырын салган Жумагүл Карагулова ат көтөргүс эмгек жасап кетти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги синхрондук котормонун чыйырын салган Жумагүл Карагулова эжебиз жүрөк оорудан улам 60 жаш курагында былтыр мезгилсиз дүйнө салганын укканда баарыбыз кайгырып, кан жутуп отуруп калган элек. Ажалга арга жок экен, арабыздан жулуп кеткенине бир жылга чукулдады.

Биз Жумагүл Сариевнанын эл алдында жасаган өлпөс-өчпөс ишин эскерип коюуну эп көрдүк. Анткени, 23 жылдан ашык синхрондук котормо жаатында талбай иштеп, парламенттин өнүгүп-өсүү тарыхына өлчөөсүз салымын кошту. Албетте, бул кесиптин өтө татаал жана оор экени барыбызга маалым. Сүйлөп же доклад окуп жаткан кишинин сөзүн 2-3 секунддун ичинде эрчий которуп кетүү оңой-олтоң иш эмес. Баса, мындай адис дагы буга чейин даярдалчу эмес. Жумагүл эжебиз мына ушул ишти жолго коюп, ЖОЖдорго синхрондук котормо багытында адистерди даярдоо ишин жөнгө салды. Бул эмгек мамлекет үчүн чоң жеңиштин бири болду десек жаңылышпайбыз.

Өмүр таржымалына учкай кайрыла кетсек, Жумагүл Карагулова 1958-жылы 14-августта Кемин районуна караштуу Бурулдай айылында туулган. 1991-жылы КМУнун орус филологиясы факультетин бүтүргөндөн кийин айылдагы, шаардагы мектептерде жана Улуттук илимдер академиясында эмгектенген. 1995-жылы конкурстун негизинде Жогорку Кеңештин аппаратына кызматка орношуп, өмүрүнүн аягына чейин эмгектенди. Кыргыз тилине да күйүп-бышып, тынбай маселе көтөрүп, коомчулуктун аң-сезимин ойготконго аракеттенди. Бул аракеттер эч качан унутулбайт.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: