Menu

“Кыргызстан сулуусу – 2019» сынагынын алтын таажысын Улуттук университеттин студенти Айжан Чаначева жеңип алды

Бөлүшүү:

12-октябрда, Sheraton мейманканасында «Кыргызстан сулуусу – 2019» сынагынын финалы болуп өттү.  Ага ар кайсы аймактан келген (16 жаштан 24 жашка чейинки) 17 кыз катышып, баш байгени нарындык сулуу, 21 жаштагы Айжан Чаначева жеңип алып, 5 миң долларлык таажыны башына кийди. Жеңүүчүнүн башына таажыны “Кыргызстан сулуусу – 2018» сынагынын жеңүүчүсү Элмара Буранбаева кийгизди. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, жеңүүчүнүн туулган жери Нарын, студент, Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинде окуйт. Кыргыз, орус, англис, испан, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Айжан Чаначева ушул жылдын 14-декабрында Лондондо өтө турган “Аалам сулуусу – 2019” сынагына катышат.

Эске сала кетсек, аталган сынакка 30 кыз катышып, финалга 17 кыз чыккан. Ага чейин, 5-октябрда «Кыргызстан сулуусу – 2019» сынагынын жеңүүчүсүнө ыйгарыла турган таажынын бет ачаары болгон. Анда сынактын уюштуруучусу, белгилүү модель Бегимай Карыбекова сүйлөп, таажынын жасалгасы тууралуу айтып берген. Таажынын баасы 5 миң долларды түзгөн, анын автору – зергер Рашид Шадыканов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: