Бүгүн, 14-октябрда «San Jay» аттуу аты менен таанымал, өзбекстандык ырчы Санжар Жавбердиев президент Шавкат Мирзиёевге видео аркылуу кайрылып, даттанганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.
Ырчынын билдирүүсүнө караганда, 41 жаштагы ырчы сакалынан улам ага концерт берүүгө жана телеканалдарга чыгып ырдоого уруксат берилбей жатканын президентке даттанып, «Өзбекконцерттен» лицензия алганына карабастан, сакал коюп жүргөнү үчүн укугу чектелип жатканын жана ал сакалын кырдырбай турганын баса белгилеген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ