Menu

ИИМ: Кызматкерлердин массалык түрдө жумуштан кеткендиги тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамына ылайык укук коргоо органдарынан бошотулган учурда бир жолку бериле турган жөлөк пулу жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн пенсия алуу укугу сакталып калат, ошондой эле кызматкерлердин массалык түрдө жумуштан кеткендиги тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган мыйзамдын негизинде 2020-жылдан баштап баардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызматтык окладка 40% чейин көтөрүлөт, анын ичинде укук коргоо органдарынын ардагерлерине дагы каралган.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык окладына 30% кошумча көтөрүлүүсү каралган. Мындан тышкары, социалдык кепилдиктин ичинде кызматкерлерге медициналык жардам көрсөтүү, курорттук санаториялык камсыз кылуу, турак-жай ижарага акчалай акы төлөө, жана тоолуу жерлерде жаратылыш-климаттык шарттары каралган.

Ошондой эле,  укук коргоо органдарынан пенсияга кетип жаткан учурда бир жолку бериле турган  “жөлөк пулу” алынып салынган деген маалымат чындыкка туура  келбейт, жаңы мыйзамга ылайык бардык кызматкерлер пенсияга чыккан учурда “жөлөк пулду” алышат.

Ички иштер органдарынан айына элүү кызматкер бошоп кетип жатат деген маалымат  негизинен жогорулатылып айтылган, бирок, ушундай тенденция жүргүзүлгөн анализдин негизинде көп жылдардан бери сакталып келе жаткандыгын белгилейбиз.

2020-жылдан баштап “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө”  Мыйзамы  күчүнө киргенде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, ардагерлеринин, пенсионерлеринин  шарттары кыйла жакшыртылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: