Menu

Атамбаев уулу Кадырбек үчүн Батукаевди бошотконбу?

Бөлүшүү:

Фейсбукта Компромат кг деген аккаунт бар. Анын артында ким турганы ачыкталбайт, бирок кыргыз саясатчылары жөнүндө ойдо жок нерселерди жазып келатканы көп эле жылдар болду. Аны менен соттошккон да, текшерип-тескеген да жан жок. Бүгүн бул аккаунт Кадырбек Атамбаев жөнүндө маалымат таратты. Канчасы чын, канчасы төгүн экенин зирек окурман өзү калчап алсын:

“…Мындан алты жыл мурун агездеги КР президенти А.Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Түркиянын барктуу жогорку окуу жайларынын биринде билим алган. Жаштык –мастык дегендей, аябай чырайлуу сулуу бийкеч менен таанышып, сүйлөшүп калат. Болгондо да чечен улутундагы кыз болот. Экөө жетелешип басып, таттуу күндөрдү өткөрүшөт. Экөө үйлөнмөй болушат. Бирок чечендерде жок салтка туш болушат, дегеним, экөө үйлөнбөй туруп төшөккө жата коюшуп, бийкеч кыз белгисинен ажырайт. Анан кыйсыпыр түшкөнүн көрүп алгыла. Мындай жагдайды билип калган чечендер Кадырбекти Түркиядан кармап алышып, барымтага алышат. Чечендерде үйлөнбөй туруп, төшөккө жатканы үчүн өлтүрүүдөн кайра тартышпайт тура. 2013-жылдагы маалымат булактарда: “К.Атамбаев менен бийкечтин мамилеси кыздын туугандарына толук билинип, алар чечен кримтөбөлдөрү аркылуу Кадырбекти барымтага алышып, катуу чара көрмөй болушкан…” – деп айтылат. Ушинтип жаш жигиттин ашыктык сезими бат эле өзүнө да, ата-энесине да трагедияга айланып кете жаздаган экен. Чечендер өз шартын коюшат. Натыйжада уулу үчүн Атамбаев эмне кылмак, мыйзамдарды бузуп, жасалма документтерди даярдап, А.Батукаевди бошотууга аргасыз барат. Эми минтип ошондогу жаш жигиттин кумар түнү канча аткаминердин, атасы Атамбаевдин тагдырына балта чаап олтурат…

«Компромат КГ» командасынын атынан: “Бул жарыяланган материал үчүн жоопкерчилигин албайбыз жана анонимдүү автордун пикирине кошулбайбыз”.

Мына ушундай маалымат жайгаштырылган. Эми муну тескеген органдар болобу же интернетте иттин кара капталы деле жазыла берет дегендей тескелбей кала береби?

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: