Menu

Кой-Таш окуясына качан чекит коюлат?

Бөлүшүү:

7-8-август күндөрү экс-ажо Атамбаевди камайбыз, кармайбыз деп барган Кой-Таштагы окуяга качан чекит коюлуп, күнөөлүүлөр качан жазага тартылат? Дегенибиз окуя болгонуна 2 айдын жүзү болуп, опурулгандар жазага тартыла элек. Ошол окуядагы укук  коргоо органдарынын жетекчилери шалаакылыктары, кесипкөй эместиктери ойго салат.

Бул боюнча отставдагы генералдар, полковниктер, коомдук саясий ишмерлер өз пикирлерин билдиришти. Алардын «пикирине таянсак бул операция туура эмес убакытта, туура эмес жерде жана профессионал эмес кызматкерлер менен жасалганын, укук коргоо органдарынын ортосунда координация да жок болгонун айтышты. Алтургай күч органдарынын куратору вице-премьер Жеңиш Разаковдун да бул окуя боюнча кабары жок экени комиссияда айтылды. Бардык күч структураларынын кураторунун жасала турган операциядан кабары жок болсо, өлкө башчы эмгек өргүүсүндө, спикер эс алууда, өкмөт башчы Ысык-Көлдө саммитте, күч органдары ОДКБнын жыйынына карата Балыкчыда болсо бул операция өзүм билемдик менен эле Опумбаев тарабынан жасалганбы? ИИМ башчысы да орун басары менен Солтон-Сары кениндеги элдин нааразычылыгы боюнча Нарында жүргөн. Бардык башчылар сыртта жүргөндө УКМК жетекчиси эмне себептен мындай кадамга барды? Кеп ушунда. Опумбаев аз сандагы кызматкерлер менен эле Атамбаевди алып келем дегени, ал операцияда альфачы  барымтада калып, 1 жоокердин каза болушу эмнеден кабар берет? Бул бир жагы. Экинчи жагы ошол күнү ИИМ орун басары Курсан Асановдун өздүк курамды эч кандай коргоочу каска же жана калкандары жок алып барганы туурабы? Же сүйлөшүү жолу менен эле маселени чечем дедиби? Анткени буга чейин да мындай кырдаалдан сүйлөшүү жолу менен чыгып келгени эсибизде. Сүйлөшүү демекчи Атамбаевдин тарапташтары менен болгон сүйлөшүүдө УКМК жетекчиси Опумбаев менен ИИМ орун басары Асанов жолугушуп, Асановдун “барымтадагыларды бошоткула, калганын кийин сүйлөшөбүз” деген видео тасмалары тараган.

Эгер ал күнү ИИМ министри Жунушалиев өзү болгондо окуя кандай багытта өнүкмөк? Кырдаал курчуп, эл менен күч органдарынын ортосунда тиреш күчөп кетмек эмес беле? Балким чындап эле ИИМ кызматкерлеринин курал-жараксыз барганы абалды турукташтырууга себеп болду. Ал эми 8-август боюнча да бир катар күмөндүү жагдайлар бар. Курсан Асановго карата коюлган кинени буга чейин укпаптырбыз. Айрым депутаттар айткандай “милициянын кызыкчылыгын сатты” – деген берене мыйзамда да жазылган эмес экен. Анда: «Милициянын кызыкчылыгын сатты дегенде берене жок. Мамлекеттин кызыкчылыгын сатты деген гана берене бар. Ушул жагын эске алсак, Курсан Асановго дооматты да жөндөп кое албай жатышат» – дейт депутат. Дагы бир маселе курал-жарактар боюнча. Сүйлөшүүгө барган Асанов куралдарды санап жатканын видео тасмалардан көрсөк болот. Дагы бир кине тергөө тобу келмейинче эч бир буюмга тийбеш керек болчу, ал жактагы манжалардын издери кетип калды деген кине. А бирок ошол тергөө тобу түзүлдү беле? Башчысы Памир Асанов каякта эле?

ГСИНдин башчысы Султаналиев комиссияга айтып бергендей курал-жарактарды материал кеткенден кииин, тергөө тобу эртеси күнү алып кеткенин айтты. Кыскасы бардык аткарылган иштерде катачылыкка жол берилген. Ушул окуядан кийин суроотуулат.

1. Окуядан кабары жок, УКМК менен ИИМдин ишин координациялай албаган күч структураларынын куратору вице-премьер Жеңиш Разаковдун комиссияны жетектөөгө моралдык укугу барбы? Коомчулукка, кошуналарга атайын операциянын ашмалтайын чыгарып аткарып уят болгондон кийин жетекчи болуп олтурууга укугу бар беле?

2. УКМК жетекчиси ишинде кетирген шалаакылыгы, кайдыгерлиги, тажрыйбасыздыгы үчүн жооп береби?

3. ИИМ жетекчилери ичинен ирибей мындай кырдаалда, бир билек, бир тилек болуп биригиши керек эле. Негедир андай болбой өздөрүнүн арасынан акыркы “крайнийди” издөө менен алек болуп калышты. ИИМ министри мындай жүрүшү менен коомчулуктун ИИМге болгон ишенимине суу сепкендей болду.

Уран Байматов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: