Menu

Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат

Бөлүшүү:

Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин маянасын которуу автоматташтырылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында,  Билим берүү системасындагы кызматкерлердин айлык акысын эсептөөнү автоматташтырылган системага которуу пландаштырылууда. Министрлик бул программаны иштеп чыгуу үчүн учурда техникалык талаптарды даярдап жатат.

Учурда борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө жүргүзүп келет. Айрым район, шаарларда эмгек акыны төлөө боюнча ченемдик-укуктук актылар бузулган учурлар кездешет.

Эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда, мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүнесе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз которуу, каражатты максатсыз пайдалануу жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлерине эмгек маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: