Мурдагы президент Аскар Акаев “Азия Ньюс” гезитине маек куруп, мурдагы атаандаштары Феликс Куловго, Өмүрбек Текебаевге, ошондой эле азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишине өз баасын берген.
Анын пикиринде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков натыйжалуу иштеп жатат.
“Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык аракетин көрүп жатат. Анын алдында чоң көйгөйлөр турат, аларды чечүүгө туура келет. Элибиз аны колдоп, жардам берүүгө тийиш”, – дейт Акаев.
Ал эми Өмүрбек Текебаеди эң тажрыйбалуу депутат катары эсептейт экен.
“Эң тажрыйбалуу десем жаңылышпайм. Ал парламентин ишине түздөн түз активдүү катышып, мыйзам чыгаруу жаатына чоң салым кошту. Соңку жылдары саясый куугунтукка туш болду. Эми Өмүрбек менен Садыр Жапаровдун акталышына мүмкүнчүлүк түзүлдү”, – дейт Акаев.
Феликс Кулов менен эч бир байланшы болбогонун, бирок анын Акаевдердин Кыргызстанга кайтып келишин колдогонуна ыраазы болгонун жашырбады. “Ушинтип айтканын жакында эле уктум. Ал үчүн ыраазычылыгымды билгизем”, – дейт окумуштуу.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев азыркы президент жөнүндө жылуу пикирин биринчи эле жолу айтып жатканы жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ