Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келгиси келгенин жашырбады. Бул тууралуу 17-октябрда КР футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал Улан-Батордон (Монголия) Кыргыз футбол федерациясынын жетекчиси Канат Маматов менен жолуккан.
“Федерациялардын жетекчилери бир катар жумушчу маселелерди талкуулашып, келечектеги кызматташууну талкуулашты. Инфантино мырза кыргыз футболу өнүгүп келе жатканын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстанга баргысы келгенин жашырган жок”, – деп айтылат маалыматта.
Инфантино ФИФА президенти болуп 2016-жылдын 26-фералында шайланган. Кыргызстанга келе элек болчу. Буга чейин Кыргызстанга мурдагы ФИФА президенттери Йозеф Блаттер менен Мишель Платини келип кеткен эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ