Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ар кыл маселелер” саатында ар кайсы маселелерди көтөрүп, өкмөттұн мүчөлөрүнө сунуштады.
Депутат Айсулуу Мамашева Жогорку окуу жайлардагы жана мектептердеги ажаатканага маселесин көтөрұп чыкты. Анын айтымында, бул маселени 2015-жылдан бери көтөрүп, чечилбей келет. «Айрым жогорку окуу жайларда, мектептерде ажааткана алыс, сыртта. Жылуу мектептен чыгып, муздак ажаатканага барган кыздар суук тийгизип алышууда. Бул аялзатынын келечектеги эне болушуна зыян алып келүүдө. Ошон үчүн айрым аялдар төрөбөй калышууда. Билинбегени менен бул чоң коркунуч алып келет. Ажааткана алыс болгондуктан айрым кыздарыбызга зордук, зомбулук болууда. Ушул маселени чечип бериңиздер!»,-деп өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ