Menu

Кытай карызы уйкуну качырат…

Бөлүшүү:

“Ордонун” өткөн № 28 (642) санына жарыяланган Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун “Кытайдын карызы жумшалган долбоорлордун баары акча алып келбей турган долбоор болуп, эффективдүүлүгү нөлгө барабар десем болот” деген аталыштагы маекте айткан ойлору коомчулукта чоң талкууларды жаратууда.

Аталган маекте А. Жапаров Кыргызстандын 4 млрд 700 млн доллардан ашык карыздары жөнүндө, анын ичинде Кытай мамлекетинен алынган 2 млрд доллардан ашык акча каражаттарынын сарпталышы жана натыйжалары, аларды кайтарып төлөөнүн механизмдери тууралуу түшүндүрмө берген.

Кытайдын Эксимбанкынан алынып Бишкек ЖЭБине коротулган 386 млн долларды кайтаруунун максималдуу мөөнөтү – 20 жыл. Бир жагынан бул өтө кыска мөөнөт болсо, экинчи жагынан анын үстөгү да кымбат. Т. а. 386 миллионду 492 млн доллар кылып кайтарышыбыз керек. Мындай шарттар бир эле ЖЭБге эмес Кытайдан алынган Датка-Кемин ЛЭПти, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу боюнча долбоорлорго да тиешелүү.

Баштагы Каржы министри, тажрыйбалуу экономист жана ЖКнын үч жолку чакырылыштарынын депутаты А. Жапаров Кыргызстан сырткы карыздарды төлөөнүн эффективдүү жолдорун сунуштаган. Мисалы, ал тарабынан демилгеленип Жогорку Кеңеште кабыл алынган Бюджет Кодексин алалы. Аталган Кодексте биринчи жолу өлкөнүн бюджеттик резервин түзүү өзүнчө чоң бөлүм болуп кирди. Бул деген өлкө экономикасынын оорлошуна, же болбосо мамлекетке карата согуш коркунучу пайда болгондо, жана башка техногендик катастрофалар үчүн Өкмөттө сөзсүз резерв каражат сакталып туруусу керек дегенди түшүндүрөт. Албетте, бетин ары кылсын, бирок күтүлбөгөн жагдайда Кыргызстанды кыйгап кетпей апаат салышы мүмкүн. Ага Өкмөт ар дайым даяр турушу шарт. Тилекке каршы, биздин бюджетте дегеле акча топтолбойт. Ар качан таңкыстык өкүм сүрөт. Депутат А. Жапаровдун ою боюнча карызды кайтаруунун кыйын кезеңи башталганча, т.а. 2023-жылга чейин Өкмөт резервине 500 млн доллардан 1 млрд долларга чейин 3 жылдык запас менен акча топтошубуз керек. Эгер биз мындай көрсөткүчкө жете албасак, анда экономикабызга гана эмес, көз карандысыздыгыбызга да катуу сокку жаралат.

Экинчиден, тышкы карыздарды тейлөө жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн КРнын Президентинин алдында атайын өкүлчүлүктү тузүү керек. Өкмөт улам-улам алмаша бергендиктен, туруктуу өкүл пайда болуп, ал кредитор чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү күчөтүп, Эксимбанктан алынган карызды үчүнчү тарапка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караса болот. Экономика жаатында жаныбызга ишенимдүү өнөктөш таппасак абалыбыз кыйындайт. Мында көп жылдардан берки “шилекей” алышып көнгөн Россияны кармансак туура болчудай. Анткени, учурда Россиянын сырткы карызы анча көп эмес. Буга чейин деле Россия СССР ураганда анын курамына кирген мамлекеттердин карызын өзүнө алып келген. Ал азыр деле биздии 2 млрд доллар тышкы карызыбызды өзүнө алып коюшу мүмкүн. Ал үчүн биз Россиядан 20 жылга эмес, 40 жылдык кылып насия алып, өзүбүзгө каттатышыбыз керек.

Үчүнчүдөн, сүйлөшүү жолу менен Эксимбанктын карызын Кытайдын финансы министрлигине өткөрүп беришибиз керек. Мындай учурда эки өлкөнүн президенттери, Өкмөт башчылары саясый чечим кабыл алып, карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартканга жол ачылат. Эгер 20 жылдан 40 жылдык мөөнөткө узартып ала турган болсок, карызды 50 пайызга азайткан болобуз. Башкача айтканда төлөнчү 2 пайыз үстөктүн көрсөткүчү 0,75 пайызга түшөт.

Кытайдан карыз алган мамлекеттердин, айрыкча бизге окшогон экономикасы “көтөрөм” деген мамлекеттердин тагдыры кандай болгонун турмуштук фактылар көрсөтүп турат. Кытайлар Африка өлкөлөрүнүн биринин карызы үчүн ал мамлекеттин Финансы министрлигине өз өкүлүн алып барып отургузуп койгон. Пакистандын бир портун 49 жылга, Шри-Ланканын бир портун 99 жылга алып койгон. Ал эми биздин карыздарда да кооптуу жагдайлар ого бетер көп. Эгерде эки тараптын ортосунда талаш жаралчу болсо Гонконг шаарында, кытай тилинде жана кытай мыйзамдары менен карала тургандыгы макулдашууда көрсөтүлгөн. Карызды өз убагынан бир саат кечигип төлөй турган болсок, Эксимбанк карыздын калган бөлүгүн ошол күнү төлөтүп алууга шарт койгонго акысы бар. Убагында төлөбөй турган болсок Кытайдын акчасы сарпталган долбоорлордун баарын башкаруу Эксимбанкка өтөт. Келишим ушундай түзүлүп, ратификациядан өтүп, мыйзамга экс-президент А. Атамбаев кол койгон. Айтор, миллиарддан ашык калкы, 3 миллион армиясы бар Кытай менен абайлабасак болбойт. Азырынча көнүп калган элибиз таш менен кууп чыгып атат, кийинкиси кандай болоор экен?!.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: