Уйгур улутундагы кыргызстандык Ильзат Ахмедов Орусиянын атуулу. Кичинекей кезинен эле Орусияда футболго машыгып, “Рубин” (Казан, Татарстан) командасында ойной баштаган. Бирок аны оюнга чыгарбай, кадр бөлүмүнө “тыгып” коюшкан эле. Бактысына жараша ЦСКАнын машыктыруучулары анын ойногонун көрүп калып, Москва клубуна алып кетишкен. Азыр ал Орусия курама командасында да ойноп жүрөт. Бирок топ киргизе албай көпкө чейин келди. Кечээ ал Орусия чемпионатында “Уфа” (Башкортостан) командасына бир топ киргизди, оюн 1:1 эсебине аяктады.
Мурда орус чемпионатында “Арсеналга” бирди, Орус кубогунда “Аланияга” бир топ киргизген эле.
Жердешибизге көп топ киргизип, чебер оюн көрсөтүшүнө ийгилик каалайлы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ