Menu

Жаштыкка жол ачкан ашкабак

Бөлүшүү:

Ашкабактын курамындагы витаминдер жана микроэлементтер дарбыздагыдай, ал түгүл рак ооруларына каршы да дарылык касиети бар. Элдик табыптар ашкабактын данегин ичинде курту бар адамдарга сунушташат. Ашкабакты дүйнөдө кайсы өлкө биринчи болуп пайдалана баштаганы белгисиз. Анткен менен ашкабак Түштүк Америкадан чыкканы белгилүү. Азыркы маалда аталган жашылчадан эң көп даамдарды америкалыктар жасашат. Муну менен катар ар бир элде аны даярдап колдонуунун бири-бирине окшошпогон улуттук ыкмалары менен рецепттери кездешет. Муну эске алганда, организм үчүн ашкабактын маңызы, данеги, гүлү жана жалбырагы дагы пайдалуу.

100 гр ашкабак 90 гр суудан, 0,9 гр белоктон, 5,9 гр углеводдон, 1,2 гр клетчаткадан жана органикалык кислоталардан турат. Ошондой эле анын курамында А, В1, В2, РР, В9, С витаминдери, калий, кальций, магний, натрий, фосфор макроэлементтери жана темир, йод, цинк, фтор микроэлементтери бар. Ушул эле 100 гр ашкабак орточо 25 килокалорий баалуулукка ээ. Бул пайдалуулуктар организмге таасир этиш үчүн аталган жашылчаны жаңы кезинде сууга бышырылган, куурулган, бууга бышырылган, шире, пюре жана повидло түрүндө даярдап жей берүү керек.

Ашкабактын дарылык касиети

—Уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатарда ичип туруу керек;

—Циститтен арылуу үчүн күнүнө 2 жолу ботко катары даярдалган ашкабакты 50 граммдан жесе болот;

—Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип турууга да мүмкүн;

—Ашкабактын семичкелерин дайыма чагып жеген эркек кишинин погенциясы жакшырат;

—Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярлап, жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр оорударынын алдын алууга болот;

—Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курт-тар өлүп жоголот;

—Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестеринден арылтат;

—Ашкабак ич катууну да жөнгө салат;

—Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын 1 аш кашыктан жеп жүрүү керек.

—Зат алмашуу бузулганда, боор оорусунда суткасына 0,5 кг ашкабак жеп, 1-2 стакан ширесин ичүү сунушталат,

Ашказан кимдерге сунушталбайт?

—Он эки эли ичегисинде жана ашказанында жарасы бар адамдар;

—Гастрит (ашказан оорусу) менен ооругандар:

—Кант диабетинин оор формасы менен ооруган адамдар (ашкабак кандын курамындагы кантты көтөрүп жибериши мүмкүн);

—Адистер ичеги оорусу менен ооруган жана аллерги-сы бар адамдарга ашкабакты сунушташпайт;

—Ашкабактын данегин да ашыкча өлчөмдө жегенге болбойт. Анткени, анын курамында ашказан ооруларын козгоочу жана тиштин эмалынын бузулушуна алып келген кислота бар. Дарыгерлер аны жегенден кийин оозду суу менен чайкап коюуну сунуштайт. Ошондой эле, ашкабактын данегинде калория көп болгондуктан, салмактын көбөйүшүнө да алып келет.

Ашкабак сулуулук үчүн…

Ашкабактын сулуулук жаатындагы эң пайдалуу өзгөчөлүгү – ал аялдын организмин жашартуучу касиетке ээ. Курамындагы Е витамининин эсебинен бырыштын пайда болушун жана карылык тактарынын алдын алат. Аны маска катары 1-2 жума пайдалангандан кийин бет терисинин жумшак, сыйда, серпилгич болуп калганы байкалат.

Жашартуучу маска: Ашкабакты кыргычтан өткөрүп, 2 чоң кашык боткосуна 1 чоң кашык алоэнин ширесин, 1 чай кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы бетиңизге 10-15 мүнөт коюп, бөлмө температурасындагы сууга жууп саласыз. Андан соң азыктандыруучу крем коюп аласыз.

Беттеги тактарды кетирет

Косметологияда кеңири колдонулат. Курамында ашкабак бар бет май, лосьондор беттеги, денедеги тактарды кетирет. Андан сырткары андан лосьон, скраб жана үй шартында маска жасоодо сонун натыйжа берет. Айрыкча педикюр кылганда колдонсоңуз өкүнбөйсүз. Акыркы кездерде ашкабак кошулган ар түрдүү шампунь, бальзам, самын, бет май, лосьон жана маскалар даярдалат. Анын жашартуучу касиети болгондуктан, беттеги майда бырыштарды кетирүүдө көп колдонулууда.

Ашкабак ширеси

Ашкабак ширесинин пайдалуу касиеттери майды тез жок кылып, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Ошондуктан ашыкча салмак кезинде ашкабак ширесин ичкен пайдалуу жана диета кармап жүргөндөргө да жакшы натыйжа берет. Ашкабак ширесинде организмге пайдалуу пектинге бай келет. Ал зат алмашууну жакшыртып, ашказан-ичеги жумуштарын калыбына келтирет. Кандагы холестеринди төмөндөтүп, перифериялык кан айланууну жакшыртат. Пектин биздин организмнбизде жыйналып калган токсин, пестициндерден кутулууга жардам берет. Ошондой эле ал боор тазалоодо жакшы курал болуп саналат. Ашкабак ширеси ооз нерв системасынын баардык бөлүктөрүнүн функциясын жакшыртат. Көңүлдү көтөрүп, ден соолукту чыңдайт.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: