Menu

Динчил жездеси балдызын коркутуп зордуктап келгени ачыкталып, кыздын туугандары ачууланууда…

Бөлүшүү:

Бишкекке жакын айылда бир нече ай бою 18 жаштагы балдызын жездеси зордуктап келген. Бул тууралуу Аламүдүн районунун ИИОБ бүгүн (22-октябрда) журналисттерге билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, 19-октябрда Аламүдүн районунун ИИОБуна 18 жаштагы Нургүл деген кыз (ысымы өзгөртүлдү) арыз менен кайрылган. Анда Кайрат аттуу жездеси 2019-жылдын май айынан бери күч колдонуп, коркутуп, зордуктап келатканы, бул тууралуу эжеси эч нерсе билбегени, ага айткандан коркуп жатканы жазылган. Териштире келгенде, Нургүл ата-энесинин үйүндө жашаганы такталды. Бирок ата-энеси 2000-2002-жылы эле каза болуп калышыптыр. Нургүлдүн үч эжеси бар, экөөсү турмушка чыккан, бири чет өлкөдө иштеп жүрөт.

Арыз жазган кыз ата-энесинин үйүндө эжеси-жездеси менен турат экен. Жездеси намазга жыгылган динчил киши дейт. Эжеси жездесине баш көтөрүп сүйлөй албайт. Кызды биринчи жолу ушул жылдын май айында зордуктап салган. Ага чейин динди айтып, аябай басым жасап келиптир. Ошондон бери ыңгайы келгенде, зордуктап келген. 19-октябрда айласы кеткен кыз чогуу окуган курбуларына айтып, алар эжесине айтып берүүгө көндүрүшкөн. Андан кийин кыз милицияга арыз менен кайрылган”, – дейт милиция кызматкерлери.

Бирок эжеси туугандарына жалынып, сиңдиси арызды алып салууну, күйөөсү камалып кетсе, балдарды жалгыз бага албастыгын айтып жатыптыр. Бирок туугандары чечкиндүүлүк кылып, аңги-айбанды каматууга белсенишүүдө.

Аламүдүн районунун тергөөчүсү бул иш боюнча мыйзамдуу чечимге келип, айбанды түрмөгө тыгат деп ишеним артып турабыз. Азыр соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Милиция ошонун негизинде иш алып барабыз деп жатат. Биз бул иштин аягына чыгарабыз, бардык инстанцияларды басып өтүп, айбанды түрмөдө чириткенге болгон аракетибизди көрөбүз. Үйдүн эң кичүү кызы. Турмушка татыктуу берели деп жүргөнбүз, айбан тагдырын талкалап олтурбайбы. Азыр Нургүлгө юридикалык жана психологиялык жардам керек”. – дешет туугандары.

Ал эми шектелип жаткан жездеси азырынча эркиндикте. Анын баш коргоо чарасы экспертиза жыйынтыгынан кийин каралат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: