Menu

Чүй облусунун экс-губернаторунун үйүн сүздүрүү үчүн мэрия сотко берди

Бөлүшүү:

Мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Чүй облусунун мурдагы губернатору Бакыт Кудайбергеновдун аялына үйүн буздуруу үчүн сотко берип олтурат. Бул тууралуу алардын кошунасы Марат Акматалиев айтып чыкты.

Акматалиев жер тилкесин сатып алып, үй куруу менен акча таба баштайт. Анан беш үй-бүлөгө үй курайын деп турганда, анын жер тилкесине мурдагы аткаминер Бакыт Кудайбергенов жана жубайы Динара Доконова үй куруп алышкан болот. Жер тилкелердин чегараларын коңшулары жылдырып алышкан экен, тилке ээсинин жерине дагы бир коңшусу, Маданият министрлигинин кызматкери Рыскул Боронбаев да үй салып алган. Ал үйлөрүн төрт жер тилкесине салган экен. Алардын мындай укугу жок экенин айтып, Акматалиев прокуратурага кайрылганга аргасыз болот. Көзөмөл орган болгон прокуратура эки коңшу тең уруксатсыз эле үй салып алгандарын 2017-жылдын декабрында тастыктап, мэрияга чара көрүүнү сунуш кылган.

Тараптардын соттук териштирүүлөрү эки жылдан бери болупи келет. Акматалиевдин айтымында, андан бери болгону үч эле жолу сот отуруму болуптур, анткени экинчи тарап жыйындарга келбей коюп, улам сот жылып келе берген.

Минтип тараптар сот иштери менен алек болуп жатканда, мэрия өзү үйлөрдү сүрүп таштоого милдеттендирүү үчүн сотко кайрылган.

Бул “Совмин” конушунда курулуштун бирдей схемасы да жок болуп чыккан. Талаштардан улам схемалар улам оңдоло берип, бир нече схема түзүлүп калган. Быйыл июлда Бишкек башкы архитектурасы комиссия түзүп, бир нече схема түзүлүп калганын териштирмей болду. Маселе ошол бойдон чечиле элек. Ушуга байланыштуу экс-губернатордун үйүн сүздүрүүнү да түздөн-түз кароого болбойт. Тараптардын кийинки соттук отруму 24-октябрда өтөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: