Menu

Таластагы “Таза суу” ишканасындагы “былыктар”

Бөлүшүү:

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 21 шаарында “Таза суу” программасы боюнча учурда 193 миллион еврого долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Мамлекеттик бюджеттен 2019-жылга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого 350 миллион сом каралган. 2018-жылы 250 миллион сом, ал эми 2014-жылы 25 миллион сом гана бөлүнгөн. Канчалык акча көп болгон жерде, ошончолук алкымсоолук же коррупциялык иштер, кала берсе кай бир кызыкчылыктар үчүн кайым айтышкан кайчылаштар да кучак жаят экен. Биздин өлкөнүн эң эле алсыз, кала берсе кемчилиги, өсүп өнүгө албай жаткан кесепетибиз да ушул жагдайлардан улам болсо керек деген ой келет. Президенттин “2024-жылга чейин өлкөнүн баардык аймактарын таза суу менен камсыздап бүтүрүү керек” деген демилгесин ары карай ишке ашырып эмес, а алкымсоолук кылып, бөлүнгөн акчалардан өөнөп-бутагысы келгендердин болуп жатышы жан кейитет.

Талас шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш алып барган “Таза суу” муниципалдык ишканасы деле ажобуздун алгылыктуу аракети боюнча колдоодон артта калбаса керек. Бирок, иш алып баруудагы ар кандай аралашуулар, кийлигишүүлөр, мыйзамсыз аракеттердин болушу ал жайдагы абалдын анчалык мыкты жолдо бара жатпагандыгын айтып турат. Өткөн жылы эле бул мекемеге жаш кадр деп, тажрыйбасы анчейин жок, КСДПнын мүчөсү болгон Эркинбек Камчыбеков директор болуп дайындалган. Камчыбековдун дайындалышына облус жетекчилери түздөн түз кийлигишкенин уккан жайыбыз бар. КСДПнын доору сүрүп, “өлкөдөгү баардык жетекчи кызмат КСДПдан болсун” деген ураан сүрүп турганда, сүйрөлүп далай “ашкабак” чоңдордун келгенин билебиз. Алардын алды азыр абакта. Анабашы ким экенин билгизген бийлик келгенде, алардын арааны канчалык жерге барганын билип олтурабыз. Мына ошолор бул мекеменин мурдагы башчысы Майрамбек Сопалиевди да мыйзамсыз жумушунан кетиришкенин айткандар арбын. Сыягы, максаттары облустун шаарына келген таза суу долбоорундагы “жашылбай” акчаларда турса керек. Анын үстүнө облус жетекчиси Мураталиевдин мындай проектилер менен кандай багытта иштешээрин жакшы билет эмеспизби. Мурдагы жетекчи Сопалиев өзүнүн кызматтан кетишин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылып, сот Сопалиевдин пайдасына чечип берген. Бирок, мыйзамды да уруп ойнобогон, “акчага көзү кызарган тараптар”, Сопалиевдин мыйзамдуу сот чечимин да башка жагдайлар менен жайгарууга алышкан. Сот чечимин сыйлабаган, аны көзгө илбеген тарапты ким деп айтууга болот? (бул боюнча атайын иликтөө кылабыз) Сөздү көбөйтпөй, азырынча азын оолак ал ишканадагы айрым жагдайларга гана токтоло туралы.

Облустук прокуратура аталган ишкананын жасап жаткан жумуштарына саресеп салып, тендердик иш аракеттерде бир топ мыйзам бузуулардын болгондугун аныктап чыгат. Тендердин жүрүшүндө сапаты жагынан бирдей куруп берүүгө жөндөмү бар компаниялардын эң аз акча каражатын көрсөткөн компанияларга эмес, эң жогорку сумманы көрсөткөн тараптарга беришкен. Мунун кесепетинен 100 миң деген сом акча айрымалар аныкталган. Ошону менен катары мамлекеттик сатып алуулар боюнча да мыйзам бузуулар аныкталып 85 220 сом көлөмүндө зыян келтирилген. Мындан тышкары аталган мекеменин инженери тарабынан 150 метр жерге азбест трубалары керектелгени кагазда көрсөтүлүп, бирок 150 метр жерге кетүүчү 15 трубанын да жаткырылбаганы ачыкталган. Кыскасы, бул текшерүүдө “Таза суу” ишканасы жалпы жонунан 115 220 сом акча каражатын мыйзамсыз чыгымдаганы ачыкталган.

Таза суу менен камсыздоо долбоорлорун Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, ЕРӨБ, Евросоюз, Швейцариялык конфедерация сыяктуу бир катар уюмдар колдойт. Алар таза сууга деп жалпысынан 191 миллион доллар бөлгөн. Ошол акчалар мына ушинтип ар кандай саясий кутумдар же амалкөй кадамдар менен акырындан ар жылчыкка кирип кете берсе, кол ийрисине тартып, жакшы максатта келген акча үчүн ар ким өз кызматчысын алып барып, кырман кылып жей берсе, Президенттин 2024-жылга чейин жалпы Кыргызстан таза суу ичет деген сөзү суу кечпей калат го. Бул сөзүбүздүн башы болуп турсун. Алдыда бир топ арбын кептерди куруп, журналистик иликтөө кылганга аракет кылабыз.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: