25 жаштагы кыргызстандык дизайнер Ильзат Каримов “Ак терме. Жарык. Бардыгы жөнөкөй” аттуу конкурстун жеңүүчүсү аталды. Анын “Кытан” (“Цапля”) аттуу чырагы дүйнөнүн 55 өлкөсүндө сатылмай болду. Конкурс интернет айдыңында жүргөн. Бул тууралуу 20-октябрда Санк-Петербургда жашаган дизайнер Сергей Белянчиков Facebook баракчасына жазып чыкты. Дизайнерлердин конкурстары боюнча маалыматтарды vatikam.com сайтынан алсаңыздар болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ