7-ноябрдан 11-ноябрга чейин кыргызстандыктар төрт күн эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн (22-октябрда) билдирди.
Алардын айтымында, 7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Эки күн (9-10-ноябрь) ишемби, жекшембиге туура келип калууда.
Эске сала кетсек, «7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» деген чечим эки жыл мурда чыккан. Мындай чечим андагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган. Тагырагы, Октябрь революция күнүнүн ордуна жаңы майрам катары 7-ноябрь – Тарых, 8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ