Кечээ, 26-январь күнү Чүй облусунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, чек арачылар Чалдовар өткөрмө пунктунан Казакстандын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды байкап калышы, аны кармашкан.
Бардык тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ