Menu

Хуфур Абдурахемандын өлүмү Өкмөт башчыны да сестентти

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, жеке ишкер 39 жаштагы Хуфур  Абдурахемандын 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районундагы жолдун боюнан табылышы баарыбызды эле эмес, премьер-министрдин да жүрөгүнүн үшүн алган окшойт. Анткени жума башында М.Абылгазиев иш күнүн бул трагедиялуу окуяга байланыштуу атайын өкмөттүк жыйын өткөрүү менен баштады. Анда мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрсөтөрүн белгилеген.

Абылгазиев бул кылмыш иши боюнча бардык күнөөлүү адамдарды, анын ичинде “маалымат ташыгыч” ким экендигин аныктоону тапшырды.

– Акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген  иштерди аткарууга тийиш экендигин даана күбөлөндүрүп турат,- деди Абылгазиев.

Кеңешмеде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу сегиз шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Андан тышкары кылмышка тиешеси бар, анын ичинде ишкердин автоунаасын сатууга аракет кылган жарандар аныкталганын кошумчалады. Дагы бир жүрөктү түшүргөн жагдай, ошол ишкерди өлтүрүүгө шектелип кармалгандардын экөөсү мурда ички иштер министрлигинде иштегендиги болууда.

Премьер-министр ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, мыйзамды сактоого жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө чакырды. Эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милицияга кайрылуу керектигин айтты.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: