Menu

50 миң доллар пара алышкан эрендер жазаланабы?

Бөлүшүү:

Өкмөттөгү жогорку кызматты ээлеп турган жетекчилерге байланыштуу коррупциялык иштин бети ачылды.

Бул маалыматты ишенимдүү булактары менен ЖМКлар жазып чыгышкандан кийин, өкмөт башчы М. Абылгазиев бул ишке тиешеси бар делген өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары Бакыт Калмуратовду кызматтан алды.

Окуя 2018-жылы жүз берген. Ал учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү Кытайдан мыйзамсыз жол менен ташылып келаткан 80 тонна өрдөк этин кармашат. Бул этти камактан чыгаруу жана аны ташып келаткан ишкер Эмир Эмилкановду жазадан куткаруу убадасы менен өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары Бакыт Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финансы полициясы) төрага орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара алышы мүмкүн экендиги айтылды. Калмуратов 2008-жылдан тарта 2017-жылга чейин Социалдык фонддо өкмөт башчы Абылгазиев менен ар кандай кызматтарда иштеген. Абылгазиев биринчи вице-премьер болуп турганда Калмуратов анын кеңешчиси болгон. Премьер-министр болгон соң алгач кеңешчи, ал эми быйыл майдан тартып өкмөттүн жетекчисинин орун басары болуп иштеп келе жатат. Жамгырчиев да Абылгазиевге алыс эмес адам экени тууралуу көп маалыматтар айтылып келет. Анын азырынча бул ишке эч тиешеси жок экени айтылып, күндөгүдөй эле “күпүлдөп ” таза көрүнүп турган чагы. Бийлик бул ишти калыс тергеп, пара алды дегендерди жазалайбы, же көшөгө артында калкалайбы, аны убакыт көрсөтөт.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: