Menu

Жаңы жылдан тартып 166 товардын жеңилдетилген бажы салыгы алынат

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБдин алкагындагы 166 товардын жеңилдетилген бажы алымдары алынып салынат. Бул туурасында депутат Бакыт Төрөбаев ЖК жыйынында билдирди.

“2019-жылдын 1-январынан баштап 5 кодекс 2 мыйзам ишке кирген. Мында өкмөттүн, парламенттин дарегине кандай гана сөздөр айтылган жок. Керек болсо Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп дагы кетишти. Эми болсо 1-январдан тартып 166 товардык позиция боюнча жеңилдиктер алынып салынат. Мисалы азыр бир автонунааны чек арадан алып кирүү үчүн кошумча салыгына 500$ төлөп жатышкан болсо, 1-январдан тартып 5000$ ала башташат. Ортодо ишкерлер жапа чегишет”, – деди Төрөбаев.

Ошондой эле депутат жакынкы аралыкта өкмөттөн бул боюнча кандай иштер аткарылып жатканы боюнча маалымат алууну сунуштады. Айтымында ишкерлер кайсы 166 товардын жеңилдетилген бажы салымдары алынып салынаарын билиши керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: