Алмазбек Атамбаевдин кичүү баласы Кадырбек Атамбаев Кыргызстанга кайрадан кайтып келди. Мындай маалыматты КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков таратты. Тагырагы, ал Facebook баракчасына ушундай куш кабар жазган пост калтырды.
Темирлан Султанбеков Евразия элдеринин эл аралык ассамблеясынын Башкы кеңешинин жыйынына чакырылганын кубануу менен кабыл алганын жана Кадырбек Атамбаев менен чогуу Бишкекке кайтып келгенин жазган.
Эске сала кетсек, Кадыр Атамбаев 7-октябда Кыргызстандан чыгып кеткени айтылып, аны КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева тастыктап, ал аспирантурага тапшырганы кетип, бир жумадан кийин кайтып келээрин социалдык тармактарга жазган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ