50 карат салмактагы бриллиант Жапониянын Йокогама шаарындагы зергер буюмдардын көргөзмөсүндө уурдалып олтурат. Бул тууралуу 25-октябрда Kyodo маалымат агенттиги билдирди.
Көргөзмөнүн катышуучуларынын бири айнек артындагы зергер буюм жоголуп кеткенин байкап калган. Ага чейин буюмду бир саат мурун көрүшкөн. Жок экенин көргөндө, айнек ачылып калганын байкашкан. Эми изин таппай, эл аралык деңгээлдеги чоң жаңжал чыгып олтурат.
Видеокамераларды карашканда, ал айнектин жанынан топ айымдар менен жүргөн эркек кишинин айланчыктаганын көрүшкөн. Бирок анын уурдаганын далилдей албай, убара болушууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ