Menu

“Манас” аэропортунун жанында болгон киши өлтүрүүдө жаңы жагдайлар белгилүү болду

Бөлүшүү:

Өгүнү 39 жаштагы К.Х.нын өлүк денеси “Манас” аэропортунун аймагында автоунаанын багажнигинен табылган.

Анын күч колдонулуп өлгөнүн милиция кызматкерлери 24-октябрда билдиришкен. ЖК депутаты Жанар Акаевдин айтымында, К.Х. Түркиядан акча алып келүү менен шугулданган экен.

Кылмышкерлер ири акча үчүн аэропортко бараткан К.Х.нын ар бир кадамын жакшы билип турушкан. Аны жолдон кармап алышып, мобилдик телефонун тартып алышкан. Телефон ири сумманы Түркиядан алып келген киши менен байланышуу үчүн керек болгон.

Акча алып келген киши К.Х.нын кебетеси кандай экенин билген эмес окшойт, ошондуктан ал телефон аркылуу улам байланышып турган. Телефонду алгандан кийин кылмышкерлер аны менен аэропорттон жолугушуп, ири сумманы алып, белгисиз тарапка кетип калышкан.

Мурда ММКлар киши өлтүргөндөр 10 миң доллар алып кетишкени жөнүндө жазышкан эле. Азыр белгилүү болгондой, К.Х. 2 млндон 3 млнго чейинки сумманы алмак экен.

Кол салгандар жөнүндө маалымат жокко эсе. Бирок суммалар жөнүндө жакшы билген тараптын көрсөтмөсү менен кол салуу даярдалганы айкын болуп олтурат.

Бул маалыматтарды reporter.kg сайты жазып чыкты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: