Бул тууралуу 28-октябрда спорттук бий федерациясы билдирди. Украинанын борбору Киевде жыл сайын өтүүчү WDSF World Open — 2019 мелдеши болуп өттү. Ага 15 өлкөдөн 49 кош бийчи катышты. “Латина, ачык чеберчилик” категориясында Артем Семеренко менен Валерия Качалко экинчи орунду алышты. Дүйнөлүк рейтингде бул дуэт 21-орунда. Мурда Новосибирсктен коло медалга татышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ