Токтогул көчөсүндө 7 аялдама орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Орнотула турган аялдамалардын проектиси «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыккан.
Азыркы убакта «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аялдаманы орнотуу үчүн аянтчаларды даярдоодо.
Ал аялдамалар Токтогул көчөсүнүн Үсөнбаев, Раззаков, Логвиненко, Исанов, Коенкөзов көчөсү, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварлары менен кесилишкен жерлеринде орнотулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ