Menu

Осмонбек Артыкбаев сотто министрлик андагы президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын гана аткарышканын айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланды. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Бүгүнкү соттун отурумунун башында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев суралды. Ал өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жок. өзүнүн таза экенин тастыктай тургандыгын айтты.

Андан кийинки кезек мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге келип, ал суракка алынды. Ал айыпталуучулардын суроосуна жооп берип жатып, чечимди кабыл алууда ага бийликтен басым көрсөтүлгөнүн, министрлик менен ведомстволор андагы президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын гана аткарышканын, ал дайындалганча эле подрядчик катары компания аныкталганын айтты. “Келишимдин формасы, долбоордун баасы жана жеңилдетилген кредит катары каржылоо маселеси мага чейин эле чечилип калган экен. Тилекке каршы, оозеки көрсөтмөлөр жана басымдар документтештирилбейт. Оозеки буйрук беришет, анан жооп берүүгө туура келет. Принциптүүлүгүмдөн, Атамбаевдин айланасындагылар менен пикир келишпестиктен 2014-жылы кызматтан кеткем. Кетээр алдында андагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге киргем, ал мени кал деп суранган Мен баарынын алдында тазамын”, – деди Осмонбек Артыкбаев.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: