“Маалымат алуу кепилдиги жана анын эркиндиги жөнүндө” мыйзам замандын талабына жооп бербей калганы боюнча Юстиция министрлигинин коомдук кеңешинин жыйынында жаш юрист Бекболот Касаболотов айтып чыкты. Анын айтымында, мыйзам 1999-жылы кабыл алынган, анда негизги түшүнүктөр да жок, мисалы, интернет.
Ошондой эле юрист ачык-айкындуулук, объективдүүлүк жана жалпы элге түшүнүктүү деген принциптер ачылбагандыгын белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ