Бүгүн, 5-ноябрда Ош мамлекеттик университети жаңы ректорлуу болду. Бул кызматка 4 талапкер ат салышып, 1975-жылы туулган Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич атаандаштарын жеңип чыкты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Кудайберди Кожобеков буга чейин Ош МУнун ректорунун милдетин аткарып келген. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент . Иш тажрыйбасы – 22 жыл.
Эскерте кетсек, Ош МУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков бүгүн Билим жана илим берүү министри. Ал бул кызматка 11-сентябрда дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 107 депутаты жактырып, колдоп берген. Эртеси премьер-министр М.Абылгазиев өзү ордуна алып барып отургузуп, аталган министрликтин аппаратынын эмгек жамааты менен тааныштырган. 25-сентябрда, парламентте, президенттин катышуусунда К.Исаков ант берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ