Улуу Британиянын борбору Лондондун атактуу Пикадилли театрында америкалык актер Уэнделл Пирс аткарган “Күлкүлүү саякатчы” спектакли болуп жатканда, театрдын шыбы оюлуп, көрүүчүлөрдүн үстүнө түшкөн. Бир нече киши жараат алган. Ошол замат полиция менен медиктер келип, көрүүчүлөр театрдан чыгарылган. Окуя кечээ, 6-ноябрда жергиликтүү саат боюнча кечки сегиз чамасында болгон. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып чыгышты. Атүгүл Лондондо деле театрлар эскирет окшобойбу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ