Кечээ, 7-ноябрда кечинде Тажикстанда тыюу салынган “24 тобу” оппозициялык кыймылдын тарапташтары Франциянын борбору Парижден президенттин жанчакчылары менен мушташып кетишти. Азыркы тапта Эмомали Рахмон Европаны кыдырып жүргөн чагы. Ал Швейцариядан Францияга учуп барган. Бул тууралуу 8-ноябрда “Ахбор” сайты билдирди.
Париждин борборунда тажик президентинин бизнесмендер менен жолугушуусу бар эле. Ал имараттын ичинде жолугушууда жүргөндө, ызы-чуу чалган митингчилерди уккан жансакчылары сыртка чыгып, алар менен кер-мур айтышып, кадимкидей мушташып кетишкен. Оппозициячылар тээ башынан эле тажик президентинин саясатына каршы болуп келет.
Ал эми Эмомали Рахмон Fives француз компаниясы менен 200 млн еврого келишим түзүп, кол коюп чыкты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ