Menu

Иракта күч түзүм кызматкерлери кеминде 10 демонстрантты атып өлтүрүштү

Бөлүшүү:

Ирактын коопсуздук күчтөрү борбор калаа Багдадда кеминде алты кишини, Басрада төрт кишини атып өлтүрдү.

Ирактын саламаттык сактоо тармагындагы жана полициядагы өз булактардын билдиришинче, 7-ноябрдагы кагылышуу учурунда ондогон адам жаракат алып, бул демонстранттардын каарын күчөткөн.

Багдадда коопсуздук күчтөрү Шухад көпүрөсүнүн аймагында топтолгон демонстранттарга каршы ок атты, натыйжада 35тей киши жаракат алды. Полиция өкмөт үйү менен дипломатиялык имараттар жайгашкан аймакка алып бара турган көпүрөнүн жолун тороду.

Басра – Ирактын мунай өндүрүш борбору. Күч түзүм кызматкерлери көп күндөн бери иш таштаган демонстранттарга каршы ок аткан. Кеминде төрт киши өлгөн. Кагылышуулар Ирактын түштүк бөлүгүндөгү башка райондордо, Умм-Каср портунда да болгону кабарланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: