26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу каза болду. Бул маалыматты кесиптештери тастыктады.
Алардын айтымында, бүгүн, 11-ноябрда, таңда маал Акжолтой Канат уулу келинчеги жана достору менен Бишкектен Кочкор районуна бара жатып жол кырсыгынан көз жумган. Учурда акыркы сапарга узатуу аземи сүйлөшүлүүдө. Такталган соң маалымат берилээрин төкмө акын Асылбек Маратов билдирди.
Акжолтой Канат уулу белгилүү төкмө акын маркум Майра Керим кызынын кичүү уулу. Ал апасынын жолун жолдоп, аты чыгып келаткан бала эле…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ