Бишкекте чет өлкөгө жумушка орнотуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик кылган факт ачылды. Бул тууралуу 12-ноябрда экономикалык кылмыштарга каршы мамкызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, бул фирманын айынан кыргыз жараны документтери жок, медициналык камсыздандыруусу жок Чехия өлкөсүндө болуп калган. Ал Европанын бир өлкөсүнө жумушка орношуу үчүн Pro Style ЖЧКсына 1 миң доллар төлөгөн. Чехияга жеткенде, ага тийиштүү документтер менен жумуш орун болушу керек эле. Бирок аны Европадан күтүп алган эч ким болгон эмес.
Pro Style ЖЧКсы Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-консултациялык борбордун реестрине катталбаган. Компания Кыргызстан жарандарын чет өлкөдөн жумуш таап берүүгө уруксат алган эмес. Фирманын кеңсесинде тинтүү жүрдү. Каржы-чарба ишмердүүлүгү боюнча документтери алынды. Натыйжада мыйзамсыз аракеттери дароо эле ачыкка чыгып олтурат. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ