Мурунку аялын сабап, зордуктаган Т.Т. аттуу киши үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жабырлануучунун туугандары билдирди.
Алардын айтымында, шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү негизсиз жана мыйзамсыз. Ал мыйзам чегинде камакта калып, жоопко тартылышы керек болчу.
Эске сала кетсек, 5-октябрда 27 жаштагы А.К. аттуу айым милицияга кайрылып, аны мурунку күйөөсү Т.Т. мас болуп келип, аны сабап, зордуктаганын билдирген. Ал уктап жатканда качып чыккан. Шектүү кармалып, камалган. Кемин райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ