Генерал Турганбаевди ким тааныбайт. Шаардык милийсаны башкарды, республикалык милийсаны башкарып, ички иштер министри болду. Андан кийин ушул жылдын февраль айынан тартып жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп, бир топ жетишкендиктерин жазган элек. Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча финалдык беттеште америкалык атаандашын жеңип, Кыргызстандын намысын коргоп, дүйнө чемпиону дагы болду. Ушундай жетишкендиктери менен таанымал адамдын сүрөтүн чаптап, айрым алкомагнаттар арак чыгара баштаптыр. Кыргызстандагы алкомагнаттардын атаманы Абдыкеримов экени баарыбызга белгилүү. Ошол инисинин бул кылыгын кандай түшүнөбүз?!
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ