Ушундай суроо менен депутат Алмас Акматов (“Бир бол”) 13-ноябрда парламент жыйынында кайрылды.
“Кытай аны кайра кабыл албай койгон, биз болсо өлкөдөн чыгара албай олтурабыз. Алар аткезчилик жол менен кирген. Ошол уу заттардын тагдыры эмне болду?” – деди депутат.
Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев тергөө иштери уланып жатканын айтты. “Эки жыл болду. Аны кантип жоготолу деп жатасыңар?”, – деп сурады депутат.
Аны Илимдер академиясы жана Жаратылышты жана токой чарбасын коргоо мамагенттиги менен биргеликте ишке ашырышарын айтып: “Эки жылдан бери финпол тергеп жатат. Бул маселе биздин көзөмөлдө. Муну тезирээк чечиш керек”, – деп бирөө-жарым колу-бутун кармап жаткандай жооп берип, Артыкбаев сөздөн кутулду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ